«Кайыңды-кант» ААК – (Кайыңды кант заводу) ачык акционердик коом (1995). 1958-жылдан баштап курула баштаган. 1963-ж. алгачкы кант чыгарылган. 1964-67-жылдары эмгек коллективи түзүлүп, адистер даярдалган, тажрыйба топтолгон, жабдууларды өздөштүрүү жана орнотуу иштери жүргүзүлгөн. 1968-ж. завод кант кызылчасын кайра иштетүүнүн суткалык кубаттуулугун жогорулаткан. Бул жылы ишкананын коллективи кызылчадан кант өндүрүүнү өздөштүрүп, алгачкы 14000 т кант чыгарган. Кызылчаны кайра иштетүүчү жабдууну, а. и. өркүндөтүлгөн диффузпондук аппараттарды реконстукциялоо башталган, натыйжада өндүрүмдүүлүк 50% ке жогорулаган. 1971-жылдан өндүрүшкө жаңы техниканы киргизүү боюнча иштер улантылган. 1987-ж. чакмак канттарды таңгактоочу автоматтар иштей баштаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү