«Китаб ал-А—Лак ан Нафиса»

«Китаб ал-А—Лак ан Нафиса» («Асыл ойлор китеби») — 9-кылымдын 2-жарымы 10-кылымдын башында жашап өткөн араб географы Абу Али Ахмед ибн Рустенин энциклопедиялык эмгеги. Ибн Русте Ирандын Исфакан кышнда жашаган. Бул эмгектин түп нускасы көп томдук, бизге 7 тому гана жеткен. Автор бул китебинде Абу-л-Касым Убайдаллахтын, ибн Хордадбектин чыгармаларын пайдаланган. Анда астр. жана кызыктуу географиялык маалыматтар камтылган. Жерге байланыштуу жети аңыз жана деңиздер, өзөндөр (Каспий, Арал деңиздери, Сыр-Дарыя) тууралуу маалыматтар бар. Адабияттар: Материалы по истории туркмен и Туркмении. Т. 1. М.; Л., 1939; Крачковский И. Ю. Изб. соч., Т. 4. М.; Л., 1957.

Колдонулган адабияттар түзөтүү