«Китаб ал-Будан» («Элдер китеби») — тарыхый чыгарма. 891-жылы жазылган. Автору — Абу-л-Аббас Ахмед ал-Иакуби. Чыгармада ошол кездеги ири аймактар 4 тармакка бөлүнүп сүрөттөлгөн. Китепте Орто Азия менен ортоңку жана жакынкы чыгыш элдеринин (Иран, Афганстан) тарыхый-географиялык, этнографиялык саясий түзүлүшү баяндалган. Соода жолдору, эл жашаган жерлер менен шаарлар тууралуу кеңири материалдар камтылган. Испиджаб, Шаш, Фараб, Тараз ж. б. шаар жөнүндө да маалыматтар берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү