«Китаб ал-Харадж ва Санат ал-Китаби»

«Китаб ал-Харадж ва Санат ал-Китаби» («Жер салыгы жөнүндө китеп») — тарыхый чыгарма. 928-жылы жазылган. Автору — Абу-ал-Фарадж Кудама ибн Жафар ал-Басри. Чыгармада Араб халифатынын административдик бөлүнүшү, жол катнашы, шаарлар, тоолор, өзөндөр, көлдөр, огуздар, карлуктар, кимактар сыяктуу түрк уруулары, алардын жайгашуусу тууралуу маалыматтар чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү