«Кошчу» союзу – Орто Азия аймагындагы кедей-дыйкан, жардыжалчыларды тапка айландыруу жана айыл жерлериндеги Совет бийлигин чыңоо максатында уюшулган уюм. Ал эмгекчи дыйкандардын мүдөөсүн коргоо керек деген чечим менен Түркстан КПнын 5-съездинде (1920, сентябрь) кабыл алынган. Анын негизинде 1921-ж. декабрда Ташкент шаарында «Кошчу» союзунун Бүткүл түркстандык 1-съезди өтүп, анда анын Борбордук Комитети шайланган жана союздун милдети, уставы аныкталган. Бирок Совет бийлиги аларга анча ишеним арткан эмес, кез-кез тазалоодон өткөрүлүп турган. Мисалы, 1925-ж. Кыргызстанда бул союзга киргендердин жалпы саны 55—60 миңге жетсе, 1926-ж. 36 миң мүчөсү калган. «Кошчу» союзун түзүү менен Совет өкмөтү аны иш жүзүндө кооперативтештирүү, жаңы экономикалык саясат, айыл-чарба салыгын жыйноо, жер-суу реформасын, өзгөчө бай-манаптарды кулакка тартуу, ж. б. саясий иштеринде пайдаланган. Кыргыз облусунун ВКП(б)нин 3-(1927, март) жана 5-(1929, январь) конференцияларынын чечимине ылайык ал өз ролун аткарып бүттү деген шылтоо менен таратылып, анын милдети «жарды жалчы» уюмуна жүктөлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү