«Кызыл аскерлер» көтөрүлүшү (1351-68)

«Кызыл аскерлер» көтөрүлүшү (1351-68), «Кызыл байламчандар» көтөрүлүшү — Кытайдагы ири көтөрүлүштөрдүн бири. Көтөрүлүшчүлөр моңголдордун Юань династиясын кулатып, Мин империясын орноткон. Баштарына кызыл жоолук байланып алгандыктан, «Кызыл аскерлер» көтөрүлүшү аталган. Түндүк Кытайдагы дыйкандардын моңголдорго жана феодалдарга каршы көтөрүлүшүн Хань-Шань-тун (буддачыл жашырын Байляньцзяо (Ак лотос) сектасынын башчысы, 1351-ж. өлгөн) жана Лю Футун (секта мүчөсү, 1351-жылдан көтөрүлүштүн жол башчысы) жетектеген. Моңгол династиясынын акыркы өкүлү Тогон-Тимур (Шуньди) Кытайдан куулуп, Мин империясынын түзүлгөнүн жарыялаган жана Чжу Юань-Чжан анын 1-императору болгон. 1368-жылдын ортосунда Чжу Юань-Чжандын армиясы моңголдордун борбору Дадуну алып, Кытайдагы моңголдордун үстөмдүгүн кулаткан. «Кызыл аскерлер» көтөрүлүшү өлкөнү улуттук боштондукка чыгаруу ишин аяктаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү