«Кызыл гүл» — кыргыз адабиятынын тарыхындагы алгачкы ыр жыйнак. 1927ж. Москва шаарында араб тамгасы менен 3 миң нускада басылып чыккан. Жыйнакка А. Токомбаев, С. Карачев, М. Элебаев, Ж. Жамгырчиев, М. Токобаев жана башка жазуучулардын ырлары, ошондой эле 1925-ж. К. Тыныстанов орусчадан которгон «Интернационал» жана 1926-ж. К. Баялинов которгон М. Ю. Лермонтовдун «Үч курмасы» да кирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү