«Кызыл каштуулардын» көтөрүлүшү

«Кызыл каштуулардын» көтөрүлүшү — 17-27-жылдардагы Кытайдагы элдик көтөрүлүш. Көтөрүлүшчүлөр өкмөт аскерлеринен айырмаланыш үчүн каштарын кызылга боёп алган. «Кызыл каштуулардын» көтөрүлүшү Кытай императору Ван Мандын элди оор абалга алып келген реформаларына каршы чыккан. Ал дыйкан Фань Чундун жетекчилиги менен Шаньдун провинциясында башталган. 21-ж. алар Ван Мандын армиясын 2 жолу талкалап, 23-24-ж. империянын борбору Чаньанга карай бет алган. Ошол кезде экинчи тараптан (Хубей провинциясынан) да өкмөткө каршы чыгып, Ван Мандан бийлик талашкан Лю Сюандын отряды Чаньанга чабуул койгон. Жерин жана мамлекеттик мүлкүн басып алып, чиновниктерди өлтүрүп, салыктарды алып салып, документтерди өрттөгөн. 23-ж. Ван Манды өлтүрүп, борборду ээлеген Лю Сюан бийликти колуна алган. Бирок Фань Чундун отряды Лю Сюандын бийлигин тааныбай, Шэньси провинциясында анын аскерин талкалап, 25-ж. жайында Чаньанды алган да, койчу Лю Пэн-цзыны тактыга отургузушкан. Буга жооп иретинде Лю Сюан өзүн император деп жарыялап, Фань Чунга каршы күрөш баштаган. «Кызыл каштуулардын» көтөрүлүшү 27-ж. ак сөөктөрдөн чыккан Лю Сюнун (25-ж. ал Хань династиясынын императорунун титулун алган) аскерлеринен жеңилген. «Кызыл каштуулардын» көтөрүлүшү дыйкандарга жана кулдарга айрым жеңилдиктерди алып келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү