«Кызыл козу» — Октябрь революциясына чейинки соодалашуунун бир түрү. Айрым адамдар, көбүнчө соодагерлер сата турганын (мал, эт, кездеме, кийим, эгин жана башка) күн мурунтан насыя берип, кийин пайдасы менен өндүрүп алган. Кышында насыя сатылган нерсе жазгы төлдөн, жайындагысы күзгү семиз малдан кайрылып алынган. «Кызыл козуга» берүү соодагерлердин, сүткорлордун, кызыл кулактардын кошумча пайда табышына шарт түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү