«Кыз жибек»
«Кыз жибек» — казак элинин лирика-эпикалык поэмасы. Эпостун азыркы варианты 1896-,1905-, 1909-, 1911-ж. Казанда Хусаиновдордун басмасынан чыккан. 1925ж. аны фольклор жыйноочу А. Диваев Ташкенттен басып чыгарган. Кийин Кызыл-Ордодо (1933), Алматыда (1939) жарык көргөн. Кыз Жибек окуясы 17-кылымга, башкача айтканда калмак дооруна мүнөздүү. Эпостун баш каарманы Төлөгөн атасы кудалаган кызга үйлөнгүсү келбей, кербенчилерден Кыз Жибектин кабарын угуп, издеп чыгат. Анын алдында атасынын каршылыгы (терс батасы), алыс жол, жалгыздык, Бекежандын душмандыгы сыяктуу кыйынчылыктар турган. Ал ушул тоскоолдуктардын бардыгын жеңип, кыздын сүйүүсүнө арзыйт. Бирок кийин Бекежан колдуу мерт болот. Поэманын экинчи бөлүгү — Төлөгөндүн иниси Сансызбай тууралуу. Ал агасынын керээзи боюнча Жибекти таап, ага үйлөнүүгө макул болот, бирок, Кыз Жибекти зордук менен алганы жаткан калмак баатыры Корен менен согушууга туура келет. Жекеме-жеке беттешүүдө аны жеңип, калмактарды багындырып, Жибекти алып кетет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9