«Кыргызгаз» ААК — ачык акционердик коом (1998). «Кыргызгазмунайзат» мамлекеттик акционердик компаниянын мүлкүнүн бир бөлүгүнүн базасында түзүлгөн. Коом өз ишмердигинде акцияларды чыгаруу жана жайгаштыруу жолу менен пайда алуу жана каражат тартуу максатын көздөйт. КРдин «Энергетика жөнүндө» мыйзамына ылайык ал республикасынын керектөөчүлөрүн жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча жалгыз монополист болуп саналат. Анын курамына түндүк магистралдык газ түтүгүнүн активдери менен борбордук аппарат, 5 газ чарба башкармалыгы, магистралдык газ түтүгүнүн түштүк башкармалыгы, 4 автомобилдүү газ толтургуч компрессордук станция, Кыргыз жүргүзүүташуу участкасы, автотранспорт ишканасы, суюлтулган газ боюнча бөлүктөр жана социалдык-турмуш-тиричилик объектилери кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү