«Кыргыздын гиннесс китеби»

«Кыргыздын гиннесс китеби» — республикадагы рекорддор жөнүндөгү туңгуч маалыматтар жыйнагы. 2008-жылы 500 нускада жарык көргөн. Жыйнактын автору Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ы. Кадыров. Китеп эки бөлүмдөн турат: 1) «Кыргызстандын рекорддору» бөлүмүндө кыргыз тарыхындагы эң кызыктуу окуялар, эң байыркы, эң жаш, эң узун, эң көп, эң чоң, эң узак, эң кичине ж. б. жөнүндө кыскача маалыматтар берилген; 2) «Биринчилер» бөлүмүндө республиканынын илим-билими, эл чарбасы, маданият, спорт ж. б. боюнча алгачкы рекордсмендер, баштоочтор, туңгуч сыйлыктар жана ага татыктуу болгондор ж. б. жөнүндө айтылат. Бул эмгек улам жаңы маалыматтар менен толукталып турмакчы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү