«Кыргызстан» аялдары — мурдагы Кыргызстан КП БКнын коомдук-саясий жана адабий-көркөм журналы. 1951-жылы уюштурулган. Адегенде эки айда бир жолу, ал эми 1956-жылдан баштап ай сайын чыгып келген. Милдети аялдардын коомдогу ордун жогорулатуу, аларды идеялык жактан тарбиялоо, өндүрүшкө тартуу, өлкөнүн саясий, социалдык-экономикалык, маданий турмушуна катышууга үндөө болгон. Тиражы 1977-жылы 72 миң, 1985-жылы 78 миң нускага чейин жеткен. 1993-жылдан «Ала-Тоо айымдары» деген ат менен өз алдынча чыгып, ал эми 2004-жылдан чыкпай калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү