«Кыргызстан коммерциялык банкы»

«Кыргызстан коммерциялык банкы» — Кыргызстандагы ири коммерциялык банк, ААК. 1990-жылы «Кыргызстан» АКБ, 2006-жылдан «Кыргызстан коммерциялык банкы» болуп түзүлгөн. Ал банк операцияларынын бардык түрлөрүн ишке ашырат, ошондой эле Кыргызстандагы коммерциялык банктар арасында баалуу металлдар менен иш алып барган жападан жалгыз банк. Кыргызстанда 86 бөлүмү, банкоматтары жана терминалдары, акча которуунун (өлкө жана эл аралык) 10 системасы, 31 филиалы бар. Улуттук «Элкарт» төлөм системасынын катышуучуларынын лидери, ошондой эле эл аралык Visa International төлөм системасынын ассоциацияланган мүчөсү. 2003—05-жылдары мыкты банк катары таанылган. Учурда 10 миңдей ишкананы жана 100 миңден ашуун кардарларды тейлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү