Кыргызфильм

Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы
«Кыргызфильм»‎»‎ барагынан багытталды)

Кыргызфильм Т. Океев атындагы — улуттук киностудия.

1939-жылы Фрунзеде кинохрониканын кабарчылык пункту катары уюшулган. 1941-жылы Фрунзе кинохроника студиясы аталып, 1951-жылы хроникалык-документалдык фильмдер киностудиясына, 1956-жылы документалдык жана көркөм фильмдер киностудиясына айланган (бир катар көркөм фильмдер «Мосфильм», «Ленфильм, «Казакфильм» киностудиялары менен биргеликте тартылган). 1957-жылы киностудиянын өнөр жай базасы кеңейтилип, айрым цехтер кайра конструкцияланган. 1961-жылдан азыркы аталышында. 1974-жылдан «Көрөгөч» сатиралык киножурналы чыккан. 1977-жылы «Хроника» чыгармачылык бирикмеси түзүлгөн, анда мультфильмдердин техникалык өндүрүшү негизделген. Студия бир жылда 3 көркөм фильм, 1 телефильм, 16 хроникалык, документ, илимий-популярдык жана окуу фильмдерди чыгарган, 30га жакын фильмди кыргыз тилине которгон (1985). 2002-жылы «Кыргызфильм» студиясына Т. Океевдин ысмы ыйгарылган. 2004-жылы Улуттук статус берилген. 1990—2010-жылдары жеке менчик студиялардын өнүгүшүнө жардам көрсөткөн. Фильмдердин дээрлик бардыгы «Кыргызфильмдин» техникалык базасында, анын катышуусу менен пайда болду. Толук метраждуу, кыска метраждуу, даректүү фильмдер, балдарга арналган «Аралаш» киножурналы тартылган. Ар кайсы жылдарда Т. Ибрагимов, С. Койчуманов, Б. Карагулов жетектеген. 2009-жылдан директордун милдетин Т. Кулмендеев аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү