«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү»

«Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү» — кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маанилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикографиялык эмгек. 1969-жылы Ж. Шүкүровдун жетекчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп менен 25 миң сөз жана сөз айкаштары камтылган. Кийин 1984-жылы сөздүктүн 1-тому (Адан — күрөгө чейин) чыгып, 2-тому ар кандай себептер менен чыкпай калган. Редакторлору: Э. Абдулдаев жана Д. Исаев болгон. Сөздүккө негизинен кыргыз адабий тилинин ошол кезде активдүү колдонулган лексикасы кирген. Эскирген сөздөр менен диалектилик, кесиптик лексиканын фактылары бар. Сөздөр алфавит тартиби боюнча жайгаштырылып, кайсы сөз түркүмүнө кирээри граммат. белгилер аркылуу көрсөтүлүп, ал сөздөрдүн лексикалык маанилери чечмеленип түшүндүрүлүп, тиешелүү мисалдар берилген. Сөздүн өтмө маанилерин, архаизмдер менен историзмдерди, диалектилик лексика фактыларын стилистикалык жактан ажыратууда атайын белгилер колдонулган. 2010-жылы бир том (Адан — Яга чейин), 2011-жылы академик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында кайрадан «Кыргыз тилинин сөздүгү» деген ат менен 2 томдугу жаңыланып басылып чыккан. Сөздүктө 50 миңден ашык сөз жана сөз айкаштары камтылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү