«Күн Нуру» мектепке чейинки билим берүү мекемеси

«Күн Нуру» мектепке чейинки билим берүү мекемеси. (Бала бакча) «Күн Нуру» балдар бакчасы 1953-жылы, 2 тайпа сад, 2 тайпа ясли болуп эки имаратта, бири азыркы санэпид көзөмөл жайгашкан, экинчиси суу чарба башкармалыгы жайгашкан имаратта «Солнышка» балдар бакчасы болуп ачылган. Биринчи башчысы болуп З.Тишелкова дайындалган.

1965-жылы эки имараттагы тайпалар биригип, азыркы айыл өкмөтү жайгашкан имаратка көчүрүлүп, алты тайпадан турган бала бакча иштей баштаган. 1993-жылы «Дружба» совхозуна караштуу «Аленушка» балдар бакчасы менен биригип, «Аленушка» балдар бакчасынын имаратына жайгашып, алты тайпадан турган «Күн Нуру» балдар бакчасы иштей баштаган.

1994-1995-жылдары башка балдар бакчаларынын имараттары менчиктештирилип кетип, бир гана ушул бала бакча, коллективдин күчү менен сакталып, үч тайпа бала менен иштеп калган.

Бул имарат 90 балага ылайыкташылып, жаңы типте салынып, 1965-жылы пайдаланууга берилген. 1994-жылдан бери «Мерсико» кайрымдуулук фонду тарабынан азык-түлүк жардамы берилип келет. «Арис», «Мерсико» фонддору тарабынан эшик терезелери алмашылып, ремонттон өтүп, учурда 8 тайпада 250 бала тарбияланат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3