«Литературная газета» – адабий басылма. Мурдагы СССР жазуучулар союзунун башкармасынын органы (1934-жылдан). 1929-жылдан бери үзгүлтүксүз чыгат. 1934-ж. чейин Советтик жазуучулар бирикмелеринин федерациясынын органы болгон. 1942–44-ж. «Литература и искусство» (СССР жазуучулар союзунун, СССР ЭКСтин Искусство, кинематография иштери боюнча комитеттеринин органы) деп аталган. 1947-ж. адабий, коомдук саясий гезитке (жумасына эки, 1950-жылдан үч ирет чыккан, 1967-жылдан жумалык гезит) айланган. Анда адабий сын, публисцистика, көркөм чыгармалардан үзүндү, экономика, социология жана башка маселелер боюнча макалалар жарыяланат. Ошондой эле эл аралык абалга да көп көңүл бөлүнөт. Ленин ордени менен сыйланган (1971). Тиражы 2 550 миң (2009).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7