«Лузитания» – америкалык жүргүнчүлөр кемеси. 1915-ж. 7-майда Ирландиянын түштүк-чыгыш жээгине жакын жерде немистердин суу астында сүзүүчү U-2 кемеси тарабынан чөктүрүлгөн. Лузитаниядагы 1959 жүргүнчүнүн 1198и (анын ичинде АКШнын 115 жараны) өлгөн. Лузитаниянын долбоору 1902-ж. «Лузитаниянын» чөктүрүлүшү. АКШда түзүлүп, 1907-ж. курулган. 1- дүйнөлүк согуш мезгилинде Ливерпул менен Нью-Йорктун ортосунда каттаган. Немистик командачылык Лузитанияда жүргүнчүлөрдөн тышкары, аскер жаракжабдыктары бар деп эсептеген. Англия өкмөтү Лузитанияда аскер жарак-жабдыгы болгон эмес, кеме бейкүнөө жардырылган деп билдирген. « Лузитаниянын» чөктүрүлүшү АКШны 1-дүйнөлүк согушка катышууга түрткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7