«Манасчылар» — кыргыздын биринчи фольклор изилдөөчүсү К. Рахматуллиндин эмгеги (Фр., 1942). Кыргыз тил, адабият жана тарых илим изилдөө институту даярдаган Кыргыз тилинде. Китеп «Манасчылардын чыгармачылык эмгеги» деген бөлүм менен башталып, мында манасчыларды эл акындарынын өзгөчө бир түркүмү катары карайт жана аны Тыныбек Жапый уулу, Сагымбай Орозбак уулу , Акмат Рысменде уулу , Жаңыбай Кожек уулу өңдүү манасчылардын чыгармачылыгынын үлгүсүндө көрсөтөт. Манасчылар эч качан «Манасты» жаттоо аркылуу эмес, алар үйрөнүү жолу менен манасчы болуп чыгышат, деген ойду айтат жана бардык манасчыларда сюжет негизинен бир багытта өнүгөрүн белгилейт. Эмгекте манасчылар айткан сюжеттердин айырмачылыктары каралат. Биринчиден, идея жана сюжет жагынан бири-бирине карама-каршы турган вариант жок экенин, бардык варианттардын башкы идеясы кыргыз элинин боштондук үчүн күрөшү экендигин көрсөтөт. Сагымбай Орозбак уулу менен Саякбай Каралаев уулунун варианттарынын сюжеттериндеги кээ бир айырмачылыктарды салыштырып карайт. Ошондой эле манасчылар арасындагы стилдик жактан айырмачылыктарды эпостогу бир эле эпизодду бир нече манасчылар айткан үзүндүлөрдү келтирип салыштырат да алардын стилдик окшоштуктары жана айырмачылыктары белгиленет. Манасчылардын чыгармачылык ролу боюнча «Манасты» толук айтуучулар жана үзүндүлөрүн гана айтуучулар деп экиге бөлөт. Эмгекте манасчылардын кереметтүү түш көрүү маселесине токтолуп, түш көрүү манасчылардын «Манас» айтып калуусундагы башкы фактор катары карабайт, манасчылардын түш көрүүсүн жокко чыгарбайт, ал «Манас» айтууга болгон ынтызарлыктын натыйжасы деп эсептейт. «Манасты жазып алуу тарыхы» деген бөлүктө өткөн кылымда Ч. Валиханов, В. В. Радлов дун эпосту кагазга жазып алуу тарыхына кыскача токтолот жана Октябрь революциясынан кийин эпосту жазып алуу ишинин жүрүшү тууралуу маалымат берет. Китепте Келдибек Кумар уулу, Балык Карбоз уулу, Тыныбек Жапый уулу, Чоюке Өмүр уулу, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай

Карала уулу, Тоголок Молдо, Шапак Рысменде уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Акмат Рысменде уулу өңдүү кыргыз элинин белгилүү М-нын өмүрү, манасчылык өнөрү тууралуу баяндама берилет. Автор: Андашалиев Билал...

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4