«Мендирман» – кыргыз элинин социалдык-турмуштук дастаны. «Мендирмандын» үч варианты бар. Биринчи варианты 1918–39-жылдары Шапак Рысмендеевден жазылып алынып, 1941-жылы өзүнчө китеп болуп чыккан. Экинчи вариантын 1941-жылы Ы. Абдырахманов Кайдуу деген карыядан жазып алган. «Мендирмандын» үчүнчү вариантын Тоголок Молдо жазып тапшырган. Аталган варианттардан мазмундуу, кызык окуялуусу, чебер айтылганы – Шапак Рысмендеевдин варианты. Дастанда баш каарман Мендирмандын атасы өлгөндөн кийин аталаш бир туугандарынан көргөн кордугу, ошондон башка элге качып кеткени, айткан сөзү, аткарган иши менен ал элге, каны Адылга жакканы үчүн Адыл кандыгын бергени, кийин түмөн кол менен өз элине кайрылып келип, арып-ачкан элин чогултуп, турмушун оңоп, калмактардын үстөмдүгүн жойгону жөнүндөгү окуялар баяндалат. Фольклордук туруктуу салт боюнча «Мендирманда» да ак жеңет, чындык, ак ниеттик, эрдик, калыстык даңазаланып, оң каарман Мендирман жеңишке жетет. «Мендирман» дастанындагы окуяларды айрым фольклорчулар 16–17-кылымга таандык деп болжолдошот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү