«Наука и жизнь» — айына бир жолу чыгуучу, илимдин бардык тармагын камтыган илимий- популярдуу, сүрөттүү журнал. 1890-жылы негизделген. 1900-34-жылы чыкпай калган. 1938-47-жылга чейин СССР ИАнын, кийин Бүткүл союздук «Билим» коомунун (1948-жылдан) илимий журналы болуп келген. 1961-жылдан жалпы окурмандар үчүн кайрадан чыгарыла баштаган. Журналга илим менен техниканын орчундуу маселелери, ойлоп табуулар, илимий-көркөм жана илимий-фантастикалык чыгармалар, оюндар жарыяланат. Нускасы 40 000 (2013). 1984-жылы Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү