«Ноу-хау» баасы - «ноу-хаунун» пайдалуулугунун жалпылоочу көрсөткүчү.

Өзүнүн төлөм негизи жана формасы боюнча лицензия баасына окшош болот. Ноу-хауну өндүрүштө пайдалануунун натыйжасында сатып алуучу алган кошумча пайданын бөлүгүн сатуучуга берүүнүн эсебинен калыптанат. Ноу-хаунун иш жүзүндөгү баасы паушалдык төлөм түрүндө же болбосо ноу-хауну берүү жөнүндөгү келишим иш-аракетте болуп тургандагы мезгил үчүн сатып алуучуга төлөнүүчү роялтинин суммасы түрүндө туюнтулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9