«Прогрессивдүү демилгелер фонду» коомдук фонду

«Прогрессивдүү демилгелер фонду» коомдук фонду - 2012-ж. 19-декабрда коомдук ишмер жана меценат Салымбеков А.М. тарабынан негизделген.

Фонд жаркын келечекке жол баштан турган жөндөмдүү жаңы муунду калыптандыруу, жаратмандык жана прогресске негизделген жаңы көз караш жана ойлордун багытын түптөө жана коомчулукта жоопкерчилик, биримдик идеясын жайылтуу максатын көздөйт. Эки жылга жетпеген аралыкта Фонд өз деңгээлине коомго пайдалуу

жаратман аракеттерди ишке ашырууга аракет кылды. Атап айтканда, Кыргызстандын идеялык картасы программасынын алкагында илимдин кадыр баркын арттырып, ата мекендик эксперттердин билими аркылуу жаңы прогрессивдүү көз караштарды калыптандырууга багытталган бир нече долбоорлорду ишке ашырды. Бул багытта Фонддун колдоосу менен бир нече атайын китеп жана колдонмолор басылып чыкты.

Жаш окумуштуу, мугалим жана студенттерге эл аралык деңгээлдеги иш чараларга катышуусуна колдоо көрсөтүлдү. Атайын краудсорсинг платформасы түзүлүп, анын негизинде көптөгөн окумуштуу адистер мамлекетке керектүү коомдук документтерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле Фонд тарабынан көптөгөн илимий жыйындар, тегерек столдор уюштурулуп мамлекетибиздеги орчундуу маселелер, чечүү жолдору каралды. Илимий чөйрө менен биргеликте иштелип чыккан мындай сунуш жана документтер мамлекеттик органдарга сунушталып, талкууланып келет. Ал эми эки жылдан бери уюштурулуп келе жаткан Кыргызстандыктардын Бүткүл Дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы илимдин кадыр-баркын арттырып, даңазалап, жаш окумуштууларды элге таанытып, ЖОЖ-дордогу маанилүү программа жана эмгектерди коомчулукка тааныткан көпүрө болууда.

Бул эки жылдын аралыгында бүткүл өлкө боюнча 20дан ашык багыт боюнча 120дан ашык жаш окумуштуу илимге кошкон салымы үчүн «Акыл Тирек» наамына татып, коомчулукка таанылды. Ал эми экономика жана башкаруу, социалдык тармак, илимий-техникалык ойлоп табууларды камтыган «Акыл Тирек» интеллектуалдык жарышына 230 дан ашык конкурстук иш келип түшүп, жеңүүчү окумуштуу эксперттер бир жарым миллион сомдук материалдык колдоого ээ болушту. «Акыл Тирек» сыйлыгынын өзгөчөлүгү болуп Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбековдун демилгеси менен көрүнүктүү эксперт, илимий кызматкерлерди жана жаш окумуштууларды даңктап, эмгегин баалаган атайын «Акыл Тирек» китебинин басылып чыгарылышы болду. «Акыл Тирек» китеби илимий чөйрөдөгү жетишкендиктерин баалап коомчулукка жеткирүүчү атайын көпүрө болууда. Жаштар колдоого, туура жол көрсөтүүгө муктаж, ал эми мамлекетибиз таза жана жөндөмдүү жаңы муунга муктаж. Мына ошондуктан 2 жылга жетпеген Фонддун ишмердүүлүгүндө жаштардын билим дараметин арттырып, ишеним жараткан, алардын аң-сезимин жаратман бийик максаттарга бурган бир нече долбоорлор ишке ашты.

Жаштарды колдоого багытталган иш аракеттер бир гана Бишкек шаарында жүргүзүлбөстөн өлкөбүздүн бардык аймактарында ишке ашып келди. Фонддун колдоосу менен жаштардын финансылык сабаттуулугун арттырууну максат кылган тренингтер Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен шаарларында 4000ден ашык кишиге акысыз берилип, чоң колдоо тапты. Ошондой эле мектеп окуучуларына багытталган «Менин гениалдуу балам» китеби Фонддун демөөрчүлүгү менен Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы жана аймактардагы 2500дөн ашык мектеп окуучуларына бекер таратылып берилди. Аймактардан келген абитуриенттерге колдоо көргөзүү максатында Кыргыз экономикалык университетинин студенттеринин демилгесин колдоп 1000ден ашык атайын билим карталары басылып чыгарылып, акысыз таркатылды.

Мамлекеттик тил жана жеткинчектерди тарбиялоого кам көрүү максатында Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбековдун колдоосу менен кыргыз тилинде А.Кыязовдун башкы редакторлугу астында балдар үчүн «Айтумар» журналы 2500дөн ашык нуска менен жарыкка чыгып, жеткинчектердин колдоосун тапты.

Жогорудагы белгиленген иш-аракеттер менен чектелбей Фонд жаштарга багытталган үч ири долбоорду ийгиликтүү алып барууда.

  • Биринчиси - «Кыргызстандын Жаш лидерлери» аттуу коомдук мектебин ачып, өлкөбүздүн бардык жогорку окуу жайларынан алдыңкы делген 200дөй жаш улан кызга ЖОЖдордо берилбеген ишкерчилик, финансылык сабаттуулук, лидердик сапат сыяктуу багыттарда 3,5 айлык акысыз билим берип жана билим алган жаштар аркылуу башка муктаж болгон жаштарды окутуу максаты коюлган.
  • Экинчиси - мекенге кайдыгер карабаган жаштардын «Ак Дил» ыктыярчылар кыймылын түзүп, ал аркылуу жаштардын аң-сезиминде башкаларга жардам берүү, мекенге кызмат кылуу сезимдерин калыптандыруу болгон.
  • Үчүнчүсү - Кыялымдагы Кыргызстан - өлкөнүн өнүгүү модели» аттуу теле сынак аркылуу долбоор жазып ишке ашырууну каалаган жаштарга өз кыялын ишке ашыруу үчүн алгачкы колдоо көргөзүү жана ошондой эле жаштар арасында туура багытта жаратман нерселерди кыялданууну калыптандыруу аракети болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8