«Тамга» санаторийиЫсык-Көл облусунун Жети-Өгүз р-нундагы климат ж-а баткак м-н дарылоочу курорт.

Бишкектен 330 км түш.-чыгыш тарапта (аны м-н автобус аркылуу катташат), Балыкчы т. ж. бекетинен 148 км аралыкта. Ысык-Көл курорт зонасына кирет. Ысык-Көлдүн түш. жээгинде, Тамга суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 1684 м бийикте жайгашкан. Климаты деңиздик. Кышы жумшак; январдын орт. темп-расы –2°С, жайы серүүн, июлдун орт. темп-расы 18°С. Жылдык жаан-чачыны 250 мм. Жылдык орт. нымдуулугу 58%. Жылына 2800 с күн тиет. Тоо-өрөөн шамалдары мүнөздүү. Климаттан сырткары дарылоочу фактор катары сульфат баткагы пайдаланылат. Анын кени Тамгадан 8 км батыш тарапта ж-а Ысык-Көлдүн Акчий булуңунун акваториясында жайгашкан (запасы 40,9 миң т). Баткак м-н дарылоодон, климат ж-а талассотерапиядан (күн нуру ж-а аба ваннасы, көлгө киринүүдөн) сырткары суу ж-а нур м-н дарылоо, айыктыруучу гимнастика, укалоо ж. б. жасалат.

1928-ж. жайкысын гана иштеген эс алуу үйү ачылган анын базасында 1942-жылдан бери санаторий иштейт. Мында жүрөк-кан тамыр ж-а нерв системалары, дем алуу (учук оорусуздар), тамак сиңирүү органдары, кыймылдоо-таяныч аппараттары, гинекологиялык оорулар дарыланат. Дарылоо ж-а дем алуу корпустарын курчап турган паркта дарак ж-а бадалдардын 25 түрү өсөт зараң, кайың, эмен, каражыгач, акчечек, карагат ж. б. арбын. Вольераларында кыргоол, чил, кекилик, элик асыралат. Парктан көлдү карай терренкур маршруттары кетет. Ысык-Көлдүн жээгинде дарылануучу жээк, кайык бекети бар. «Т.» с-не жакын турбаза жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2