«Тил жөнүндөгү жаңы окуу»

«Тил жөнүндөгү жаңы окуу», яфет теориясы - ХХ-кылымдын 20-30-жылдары тил илиминин жалпы маселелери боюна академик Н. Я. Марр сунуш кылган көз караштар системасы.

Биринчи жолу «Яфет жана Жер ортолук деңизинин маданиятын түзүүдөгү үчүнчү этностук элемент» деген эмгегинде (1920) айтылган.

Марр анда салыштырма-тарыхый тил илиминин жетишкендиктерин этибарга албай, инди-европа тил уясында теги бир эмес, ал аргындашуу жолу менен пайда болгон деген ойду айткан.

1923-1924-жылдары ал коомдук жана материалдык маданияттын өнүгүшүнүн этаптары менен байланышта тилдин баарына тиешелүү типологиялык өнүгүштүн этаптарын ачуу максатында «кеп (речь) палеонтологиясынын» маселелери боюнча иштеген.

1925-жылы өз системасын тарыхый материализмдин философиялык жоболору менен байланыштырууга аракет кылган. Бирок ал жоболорду Марр вульгардык социологизм духунда түшүнгөн.

«Тил жөнүндөгү жаңы окуу» термини 1924-жылы биринчи колдонулган (мурда яфет теориясы деп аталган).

1926-жылы «4 элемент» жөнүндө идея чыгарылган; ал боюнча бардык тилдин сөз казынасынын негизи ошол «4 элементтен» турмак болот. Ушуну менен Маррдын бул окуусу салыштырма-тарыхый тил илимин («инди-европеистиканы») идеализмге, формализмге, коомго каршы идеяларга, а тургай расизмге каныккан деп айыптап, андан биротоло кол үзгөн.

Кезегинде бул окууну Е. Д. Поливанов баш болгон лингвисттердин көбү катуу сындаган. Маррдын мектебинде анын көз карашын жаңылыш жактары менея түбөлүктүү көсөмчүл тенденцияга айлантуу аракети басымдуулук кылып, муну менен ал мектеп лингвистикада «тилдер жөнүндөгү окууну» жападан жалгыз марксчыл багыт кылмак.

Ошондой болсо да Маррдын айрым шакирттери, асыресе И. И. Мещанинов «...окууну» «салттуу» тил илимине жакындатып, өөрчутө баштаган. Бара-бара «...окууну» жактагандардын арасында карамакаршылык чыгып, 1949-50-жылдары «...окуу» кризис абалына жеткен.

1950-жылы «Правда» газетасында талкуу журүп, ага «...окуунун» жаттоочулары да, каршылаштары да катышкан. «...окууга» каршы И. В. Сталин да бир нече макала жарыялаган (Марксизм жана тил илиминин маселелери, 1950). Сталиндин макалаларында туура пикирлер менен катар лингвистикалык жаңылыш пикирлер да орун алган.

Ошондой болсо да Сталиндин макалаларынын жарыяланышы меңен «салттуу» лингвистиканын проблематиканын иштелишине жол ачылган. Талкуудан кийин Маррдын «...окуусунда илимий кызыкчылык туудурган тил жана ой, тилдердин типологиясы, социолингвистика сыяктуу маселелерди изилдөө убактылуу токтоп калган. 50-жылдардан алар советтик лингвистика тарабынан кайра ийгиликтүү изилденүүдө.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9