«Токтогул» - кыргыз операсы.

Музыкасы В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференики, либреттосу Ж.Бөкөкбаев, К. Маликовдуку. «Токтогул» операсын алгач А. Веприк (1940),экинчи вариантын А. Малдыбаев, М.Абдраев (1956) жазган.

Башкы ролдорду аткаргандар:

  • К. Чодронов,А. Мырзабаев (Токтогул);
  • С. Бекмуратова, И. Деркембаева (Тотуя);
  • М.Махмутова, К. Иманкулова (Бурма);
  • С. Токтоналиев, А. Малдыбаев (Керимбай);
  • А. Жумабаев (Арзымат) ж.б.

Режиссёру - А. Куттубаева, хормейстери - С. Юсупов, балетмейстери - Н. Холфин, сүрөтчүсү - А. Арефьев, дирижёру - А. Жумакматов.

Алгач 1958-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында коюлган. Карапайым эл менен Токтогул жана аларды эзген бай манаптардын, падышалык чиновниктердин ортосундагы карама-каршылыктар операнын негизги өзөгүн түзөт. Операда акындын кээбир ыр, обондору пайдаланылган. Орус революционерлери Семён менен Валентинанын мүнөздөмөлөрү үчүн орустун элдик ырларынын интонациясы алынган.

Опера 1958-ж. Кыргыз адабияты менен искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүндө көрсөтүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.