«Тунгуч» жаштар драма театры

«Тунгуч» жаштар драма театры – 1989-ж. азыркы Бишкек шаарында уюшулган.

Театр уюшулгандан СССРдин жана КРдин эл артисти Ж. Сейдакматова жетектейт. Алгач театр драматург Ж. Өзүбекованын «Апамдын махабаты » пьесасы менен ачылган. Кийин К. Акматов менен Ж. Кулмамбетовдун «Мунабия» драмасын реж. А. Сарлыкбеков койгон. «Тунгуч» жаштар драма театрынын түптөлүшүнө М. Токтобаев, А. Өзүбеков, М. Мамбетов, Ж. Балыкбаева, Ж. Жаманбаева, Т. Абдыразаева, Э. Чалабаев, К. Бекбатыров ж. б. көрүнүктүү артисттердин эмгеги зор. 1990-жылдан «Тунгуч» жаштар драма театры Кыргызстандагы биринчи жеке менчик статусун алган. Анын репертуарында: К. Акматов, Ж. Кулмамбетов, Ж. Өзүбекова, С. Раев ж. б. чыгармалары бар.

«Тунгуч» жаштар драма театры 2004-ж. жаңы жанрдагы заманбап алгачкы улуттук мюзиклди (музыкасы Э. Кадырбаев, «Махабат жылдызы», либреттосу К. Урманбетов) элге тартуулаган. Н. Абдыкадыровдун «Буюккан көч», «Ак бешиктин тилеги», Ж. Өзүбекованын «Күйөө сатам», С. Раевдин «Ханышанын көз жашы», М. Токтобаевдин «Кайран катын Каныкей» ж. б. спектаклдери коюлган. 1990-96-ж. «Эпос» кино-видео борбору менен биргелешип «Аян», «Манастын төрөлүшү», «Айкөл Манас», «Кошок» аттуу видеофильмдер тартылат.

Учурда театрда реж.: Ж. Сейдакматова, Н. Абдыкадыров, И. Рыскулов, М. Мамбетов, Б. Айткулиев жана театралдык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү эмгектенишет. «Тунгуч» жаштар драма театры өлкөбүздүн аймактарында жана көптөгөн чет өлкөлөрдө (Египет, Колумбия, Германия, Иран, Кытай, Түркия, Өзбекстан, Казакстан, Россия ж. б.) гастролдо болгон. «Тунгуч» жаштар драма театры респ. жана эл аралык театралдык фестивалдарынын дипломдору, Гран-прилер менен сыйл. КРдин өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгына (1999) татыган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4