«Туркестанский сборник»

«Туркестанский сборник» - Орто Азия, акыресе Түркстан крайы жөнүндө орус жана чет тилдерде жазылган макалаларды, журналдарды жана китептерди чогултуп, өзүнчө томго бириктирген жыйнак.

Ал 1868-жылдан Петербургда жыйнала баштаган Жыйнакка революцияга чейинки ар кыл эмгектер кирген. Жыйнакты чыгаруу ишин 1868-88-жылдары орустун көрүнүктүү библиографы В. И. Межов, кийин A. А. Семёдав ж. б. илимпоздор жетектеген. «Туркестанский сборниктин» 591 тому (бир канча нуска менен) Өзбекстандын А. Навои атындагы мамлекеттик китепканасында сакталууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4