«Түндүк»Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат кѳрсѳтүлѳр мамлекеттик парталы. Электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуучу маалымат системасы. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук түрдө көрсөтүүнү жана арыз ээлеринин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу мамлекеттик маалыматтык тутум.[1]

«Түндүк» Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
URL https://portal.tunduk.kg/
Жеткиликтүү тилдер кыргыз, орус

«Түндүк» платформасынын иштөө принциптери

түзөтүү

Ачык-айкындуулук: «Түндүк» тутуму аркылуу маалымат өтүүдө маалыматтардын аныктыгы, ишенимдүүлүгү жана бүтүндүгү камсыздалат;

- «Түндүк» системасынын катышуучулары үчүн маалыматтын жеткиликтүүлүгү, маалыматтарды алмашуу каалаган учурда маалыматтык системалардын ар кандай аракеттенүүсү аркылуу адамдык кийлигишүүсүз мүмкүн экендигин билдирет;

- купуялуулука маалыматтарды шифрлөөнүн жана эки баскычтуу авторизациялоонун жардамы менен жетишилет. «Түндүк» тутуму убактылуу үзгүлтүккө жана кибер чабуулдан корголот;

- технологиялык бейтараптуулук (платформанын көзкарандысыздыгы): Тундук тутумунун катышуучуларынын маалымат тутумдары белгилүү бир тутум үчүн маалыматтык тутумдарды кайра жазуунун зарылдыгы жок маалымат алмашуунун жалпы эрежелерине ылайыкташат. «Түндүк» платформасы программалык камсыздоонун түрүнө көз каранды эмес, б.а. мамлекеттик мекемеде кандай программалык камсыздоо колдонулбасын, «Түндүк» тутуму каалаган маалымат базасына ыңгайлаша алат;

- ар тараптуулук: «Түндүк» тутумунун катышуучулары «Түндүк» аркылуу көрсөтүлүүчү ар кандай кызматтарга мүмкүнчүлүк сурап алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.[2]

«Түндүк» системасын ишке киргизүү этаптары

түзөтүү

«Түндүк» тутуму иш алып барып жаткан программалык камсыздоо Кыргыз Республикасына Эстония тарабынан 2016-жылы берилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 14-октябрдын 2016-жылдын 436-б тескемесинин негизинде айрым ведомстволор ортосунда пилоттук, б. а. эксперименттик режимде иштеп баштады.

2018-жылдын апрелинде «Түндүк» МИни системасын толук кандуу ишке киргизүү үчүн түзүлгөн.

Кызматтар

түзөтүү

Бул электрондук түрдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуучу маалымат системасы. Бүгүнкү күндө көптөгөн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү  электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын жардамы менен алууга болот. Жарандар төмөнкү кызматтарга кызыкдар болушкан:

- Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымкат алуу

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы соттолбогондугу жөнүндө маалымкат алуу үчүн арыз берүү (акысыз)

- Никеге туруу жөнүндө маалыматтар

- Даректик - маалымдама бюросунан маалымат берүү

- Айыл чарба малынын болушу жөнүндө маалыматтар

- Пенсиялык топтоолор (топтолмо пенсиялык фонд) жөнүндө маалымат

- Салык карызынын бар же жок экендигин текшерүү

- Транспорт каражаты тууралуу маалыматтар (+айып салуулардын бардыгы)

- Транспортко салык төлөө боюнча маалымат

- Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелиниши жөнүндө маалымат (эмгек акы жөнүндө маалымат)

- «Балага сүйүнчү» жөлөкпулун алууга табыштама берүү

- «Түндүк» тутуму боюнча 19 мамлекеттик органдан башка маалымкаттарды жана документтерди алуу.[1]

Булактар

түзөтүү
  1. 1.0 1.1   Маалыматтык системалар. https://tunduk.gov.kg/kg/pages/2-maalymattyk-sistemalar
  2. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталын пайдалануу эрежелерин бекитүү жөнүндө. 2019-жылдын 7-октябры № 525. https://cbd.minjust.gov.kg/157172/edition/1228840/kg

Тышкы шилтемелер

түзөтүү