«Төө-Ашуу» лыжа тебүү базасы

«Төө-Ашуу» лыжа тебүү базасы -2008-ж. уюшулган заманбап комплекс. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3000 м бийиктикте (мындай бийиктикте жайгашышы сезондун эрте башталып, кеч бүтүшүнө өбөлгө түзөт), Бишкектен 120 км, Төө-Ашуу тешкен тоосунан 2,5 км, Бишкек-Ош жолунан 800 м батыш тарапта жайгашкан.

Лыжа тебүү мөөнөтү октябрдын аягынан майга чейин созулат. Кардын калыңдыгы 1 - 1,5 мте чейин жетет. Кышы жумшак (бир аз чыкыроон суук болуп турат). Жылдык орточо температура -3,6°С, лыжа тебүү сезонунда -9,3°С. Базанын ар кандай узундуктагы жана татаалдыктагы 3 негизги трассасы бар. Алар: биринчисинин узундугу 2 км 600 м, тоонун капталынын тиктиги 32°; экинчиси 2 км 800 м, 30°; үчүнчүсү 3 км, 19°. Лыжа тебүү атайын даярдалган тоонун эндүү капталы аркылуу жүргүзүлөт. Учурда узундугу 1500 м болгон эки креслолуу, 120 орундуу бир асма жол иштейт. Анын ылдамдыгы 4 м/сек.

Асма жолду тажырыйбалуу операторлор тейлешет. Лыжа тебүүчү трассалар кар топтоочу атайын машиналар менен даярдалат. Ал жердин шарты лыжа тебүүнүн ар кандай түрлөрүнө (эркин, атайын ж. б.) эсептелинген.

Базанын аймагында жыгачтан курулган бир бөлмөлүү 66 орундук коттеждер салынган. Алар 2, 4 жана 6 орундуу болуп, керектүү эмеректер менен жабдылган. Ошондой эле кафе-бар, мончо, медициналык жардам берүүчү пункт жана автоунаа коюучу (кайтарылган) жай иштейт. Ар түрдүү лыжалар (балдар, өспүрүмдөр, аялдар жана чондор үчүн) жана сноуборддор (бир аяктуу эндүүрөөк лыжа) убактылуу тебүүгө берилет. Тажрыйбалуу инструкторлор лыжа тебүүнү үйрөтөт.

Таза тоо абасы, жагымдуу трассасы, кооз тоо пейзажы эң жакшы эс алууга шарт түзөт. Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн негизги булактарынын бири.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9