«Фархад менен Ширин» - (же «Хосров менен Ширин») - көпчүлүк Чыгыш элдеринин фольклору менен адабиятындагы эпикалык поэма.

Трагедиялуу сүйүү баяны. Түрдүү версиялары бар. Анын каармандары 6-7-кылымда жашаган тарыхый адамдар: ирандык Хосров Парвиз II (591 628-ж. башкарган) жана анын жары Ширин. Фирдоуси «Шах наме» поэмасына Хосров менен Шириндин сүйүүсү жана өлүмү жөнүндөгү аңгемени киргизген. Мында Фархад жөнүндө эч сөз болбойт. Аны тарыхчы Балами эскерет, ал эми акын Агажи Фархаддын атын Биеутун аскасы аркылуу канал салуу жөнүндөгү элдик легенда менен байланыштырат. Низами Ганжеви мезгилсиз каза болгон жароокер жарына арнап «Хосров менен Ширин» (1180-81) дастанын жазган. Мындабаш кейипкер Ширин өлкөнүн башкаруучусу Хосровдо да жок сапаттар, касиеттер менен мүнөздөлөт. Ширинге ашык болгон Фархад анын талабы боюнча асканы көзөп арык сала баштайт.

Хосров кызганычтан улам Фархадга Ширин өлдү деген кабар берет. Муну уккан Фархад кайгыдан көз жумат. Хосров өзү да трагедиялуу өлүмгө учурайт. Низамиде Фархад экинчи катардагы фигура болсо, элдик варианттарда ал негизги каарман катары сүрөттөлөт. Навоинин «Фархад менен Ширин» дастанында (1484) Фархад оң каарман, Хосров залим башкаруучу катары көрсөтүлөт. Вайыркы легенданын негизинде азербайжан акыны С. Вургун «Фархад менен Ширин» (1941) жана түрк акыны Назым Хикмет «Сүйүү легендасы» аттуу драмаларды жаратышкан. Назым Хикметтин драмасы боюнча «Менин сүйүүм, менин кайгым» аттуу фильм (1979, реж. А. Ибраимов) тартылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4