«Художественная литература»

«Художественная литература» - СССРдин басма, политрафия, китеп соода иштери боюнча мамлекеттик комигетинин басмасы.

Мамлекеттик көркөм адабият басмасы катары 1930-жылы уюшулган. «Художественная литература» деп 1963-жылдан аталат. Москвада (Ленинградда бөлүмү бар). СССР элдеринин жана чет өлкөлүк көркөм адабият классиктеринин чыгармалар жыйнагын, тандамал жаш айрым чыгармаларын, советтик, азыркы чет өлкөлүк жазуучулардын мыкты чыгармаларын, адабият таануу жана сын боюнча китептерди басат. «Лениндик сыйлыкка арзыган чыгармалар китепканасы», «Адабий мемуарлар», «Совет поэзиясынын китепканасы», «Античный адабият китепканасы», «Элдик китепкана», «XX кылымдагы чет эл романы» дегендей серияларды чыгарат. Басма тарабынан 1967-77-жылдары «Бүткүл дүйнөлүк адабият» аттуу 200 томдук баалуу китеп чыгаруу ишке ашты. Басмадан ошондой эле төмөнкүдөй басылмалар да чыгып турат: «Роман-газета», «Москва», «Нева», «Звезда», «Детская литература» журналдары. 1976-жылы тиражы 46,5 млн нуска 3118 китеп жана китепче чыгарган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4