«Чалкан» - мурдагы Кыргызстан КП БКнын саясий-сатиралык журналы.

1955-ж. уюшулган. Айына бир жолу чыгып келген. Тунгуч редактору А. Токомбаев болгон. «Чалканда» бюрократ, формалист кишилерди, өндүрүш пландарын, милдеттенмелерин аткарбаган, коомдук мүлккө кайдыгер караган жетекчилерди ж. б-ларды сындаган сатиралык, юмордук чыгармалар, какшыктар, тамсилдер жарыяланган.

«Чалкан чакканданкийин», «Табам-чагам», «Коптүн көзү көрөгөч», «Калк айтса, калп айтпайт» ж. у. с. рубрикалардын негизинде фактыга таяп жазылган фельетондор, публ. макалалар, иллюстрациялар, юмордук жана сатиралык сүрөттөр, эл аралык темадагы карикатуралар ээлеп турган. 1996жылдан финансылык себептерге байланыштуу чыкпай калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4