«Өнүгүү-прогресс» саясий партиясы

«Өнүгүү-прогресс» саясий партиясы - партия алгач саясий кыймыл катары түзүлүп, 2012-ж. 1-февралында өткөн биринчи съездде «Өнүгүү» саясий партиясы түзүлгөн.

  • Партиянын терагасы болуп Сыдыков Эмил Мурзабекович шайланган.
  • Бул съездде партиянын программасы жана уставы кабыл алынган.
  • 2012-ж. 17-февралда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.
  • 2013-ж. 25-апрелинде партиянын экинчи съезди чакырылып, анда саясий партиянын аталышы «Өнүгүү-Прогресс» болуп өзгөртүлүп, төрагалыгына Төрөбаев Бакыт Эргешович шайланган. Республиканын көпчүлүк облустарында, район-шаарларда жана айыл округдарында «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын координаторлору менен активисттери бар.
  • Учурда партиянын канаты кеңейип мүчөлөрдүн саны он бир миңден ашты деген маалыматтар бар.
  • 2014-ж. «Улуттар биримдиги» (лидери Мырзакматов - Оштун мурдагы мэри) партиясы менен бириккенин расмий билдирген, бирок бийликтин басымы менен «Өнүгүү-Прогресс» партиясы бул биригүүдөн кайрадан баш тарткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8