ААББТ (Административдик-аймактык бирдиктерди белгилөө тутуму деп чечмеленет), расмий түрүндө эки башкача берилген ― «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутуму» мамлекеттик классификатору же «Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бөлүнүшүнүн объектилерин жана аймактык бирдиктердин белгилөө тутуму» мамлекеттик классификатору (ААБОТ МК ― расмий кыскартылышы) ― Кыргызстандын техника-экономикалык маалыматтарын классификациялоонун жана коддоштуруунун бирдиктүү тутумунун бөлүгү болгон классификатор. Машина менен иштетүүнү камсыз кылууга арналып, статистикада жана экономикалык ишмердиктин башка чөйрөлөрүндө эсеп менен талдоо маселелерин чечүүдө колдонулат.

Классификаторду Улуттук статистика комитетинин Башкы эсептөө борбору жүргүзөт.

Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшүнүн схемасы

Классификациялоо объектилери:

  • Кыргыз Республикасы;
  • облустар;
  • райондор;
  • шаарлар;
  • шаар тибиндеги посёлоктор;
  • айыл аймактар;
  • айылдар;
  • аймактык бирдиктер.

Классификатор эки бөлүктөн турат: аныктоочу код жана аталышы.

Аталыштардын бөлүгүнө: pеспублика, облустар, райондор (анын ичинде шаар ичиндеги), шаарлар, шаар тибиндеги посёлоктор (штп), айылдык аймактар, поселоктор, айылдар, аймактык бирдиктердин аталыштары кирет. Мындан тышкары, администрациялык-аймактык бирдиктердин борборлорунун жайгашкан ордун көргөзгөн маалымат киргизилет.

Аныктоо бөлүгү классификациялоонун иерархиялык тутумуна жана сандык кодду колдонуу менен бирге коддоштуруунун сериялык-иреттик тутумуна ээ.

Коддун узундугу: административдик-аймактык бирдиктердин ―14 белги, аймактык бирдиктердин ―17 белги[1].

Булактар түзөтүү