Ааламдын модели - Биздин кылымдын башталышында. Эйнштейн И.Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу теориясын жалпылоочу жалпы салыштырмалуулук теориясын ачты.

А.Эйнштейндин теориясынын негизинде советтик математик А.А.Фридман бүткүл ааламдын математикалык моделин түздү. Бул модель азыркы илимий космологиянын башталышы болду. Фридман тартуу күчүнүн аракетиндеги ааламдагы заттар тынч абалда болбойт. Аалам кеңейүү абалында же кысылуу абалында болот деген.

Азыркы мезгилдеги илимде ааламдын үч модели белгилүү.

  • Мейкиндик – убакыт координаты боюнча чексиз кеңейүүгө дуушар болуучу ааламдын ачык модели.
  • Мейкиндик жана убакыт боюнча чектелген ааламдын жабык модели. Бул модель боюнча аалам белгилүү өлчөмгө чейин кеңейип (чектелип), андан соң кысылуу менен алмашылат.
  • Эки моделдин ортосундагы абалда болот. Мында мейкиндиктин ийрилиги нөлгө барабарланып аалам чексиз кеңейет, андан кийин кеңейүү ылдамдыгы кескин азаюу менен акырында нөлгө барабар болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү