Аалиева Бообек (1947-ж. т., Кетментөбө айылы) - эл агаргуу отличниги (1987).

Жалал-Абадтагы A. С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын (1968), Ош мамлекеттик педагогикалык институнун кыргыз тили жана адабияты факультетин (1982) бүтүргөн. 1968-жылдан Т. Шевченко атындагы сегиз жылдык, Ф. Энгельс атындагы орто мектептеринде мугалим, окуу иштери боюнча директордун орун басары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5