Абадила
Абадила – Абдулла ысымынын көптүк түрү. Хадистердин методологиясында, тафсирлерде, ислам укугунда бул аталма менен Мухаммед пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ беш беделдүү замандашын түшүндүрүшөт – Абдулла ибни Аббасты, Абдулла ибни Умар ибни Хаттабды, Абдулла ибни Зубайр ибни Аввамды, Абдулла ибни Амр ибни Асты жана Абдулла ибни Масудду .
Бул адамдар өзүнүн илимдүүлүгү менен айырмаланышкан жана өз алдыларынча фатваларды (укуктук буйруктарды) бере алышкан. Алар ислам илиминин өнүгүүсүнүн булактарында турушкан.
Колдонулган булактар
түзөтүүАли-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8