Абакиров Абдыкерим - (1938-ж. туулган, Фрунзе) эндокринолог, медицина илимдеринин доктору (2000). КРнын эмгек сиңирген дарыгери (1989). КММИни (1962), аспирантурасын (1969) бүтүргөн. Ошол эле жерде ассистент, доцент жанаа КРнын Саламаттык сактоо министрлигинде иштеген. Ички оорулар жана эндокринология боюнча адис.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1