Абакиров Сабыр (1920-ж. туулган, Нарын облусу, Кочкор району, Фрунзе атындагы колхоз) — малчы, Кыргыз ССРинин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). 1935-жылдан Тянь-Шань районундагы № 53 жылкы заводунда (кийин Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясы) чабандын жардамчысы, баш чабан, 1967-78-ж. Улакол бөлүмүнүн башчысы, 1979-80-ж. асыл тукум кой өстүрүү бригадасынын бригадири. Бригада 1979-ж. ар жүз тубар койдон 120дан козу, 4,6 кг жүн кыркып алган. «Тянь-Шань коюн» чыгаргандардын бири. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1