Абалаковдор - ага-ини орус альпинисттери; Кавказ, Тянь-Шань, Памир, Алтай тоолорунун бийик чокуларына көп жолу чыгышкан. Виталий Михайлович (13.1.1906, Енисейск 26.5.1986, Москва) инженер-конструктор, спортсмендердин машыкканын так аныктай турган 100 чамалуу прибордун автору. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (1941), СССРдин эмгек сиңирген машыктыргычы (1961). Ал баштаган альпинисттер Ленин (Памир, 1934), Кантеңир (Теңир-Тоо, 1936) чокуларына биринчи жолу чыгышкан, жеке өзү ал чокуга үч жолу чыгып барган. Евгений Михайлович (4.2.1907, Енисейск 23.3.1948, Москва) скульптор, дүйнөнүн 13 эң бийик чокуларына (анын ичинде Коммунизм, Памир, 1933, Кантеңир, Теңир-Тоо, 1936) биринчи чыгуучулардан. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери (1941). Памирдеги бир бийик чокуга Е. М. Абалаковдун ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1