Абан ибни Саид ибни ал-Ас

Абан ибни Саид ибни ал-Ас () – таасирдүү курайшийлердин бири. Кийинчерээк Исламды кабыл алган жана Мухаммад пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ сахабаларынын бири болгон.

Өмүр баян түзөтүү

Исламга чейин түзөтүү

Абан узак убакыт бою мусулмандардын душманы болгон. Анын үй-бүлөсүндө анын бир туугандары Амр менен Халид Исламды кабыл алгандыгына байланыштуу чатак чыккан. Анан Абан Бадрдагы салгылашта мусулмандарга каршы согушкан. Бул салгылашта ошондой эле мусулмандар менен согушкан анын бир туугандары Убайда менен Ас курман болгон.
Меккелик мушриктер менен болгон Худайбия келишиминин учурунда Абан өзүнүн колдоочулугуна Усман ибни Аффанды  Мухаммеддин ﴾ﷺ﴿ Меккеге сүйлөшүүлөр үчүн келген элчисин – алган.

Исламды кабыл алышы түзөтүү

Абан дурус ойлуу жана акылдуу адам болгон. Мусулмандар менен каршылашуудагы бүт убакыт бою ал акырындык менен ислам ишенимин үйрөнгөн. Мусулман булактарында билдирилгендей, ал Сирияга тез-тез барып турган. Ошондой сапарларынын биринде ал бир кечилге жолуккан, ал болсо буга Арабияга жаңы пайгамбардын келүүсү жөнүндө билдирген жана анын белгилерин келтирип берген. Абан бул белгилердин толугу менен Мухаммеддин ﴾ﷺ﴿ кишилиги менен туура келерине ынанган. Меккеге келери менен ал мусулмандарга карата эми жеккөрүмчүлүк сезимин көргөзбөй калган. Дагы бир канча убакыт өткөн соң, ал Исламды кабыл алган. Бул болсо Хайбардагы салгылашка чейин ишке ашкан. Анан ал Мадинага хижра (көч) кылган. Пайгамбар ﴾ﷺ﴿ ага салык чөйрөсүндөгү маанилүү мамлекеттик иштердин жүргүзүлүшүн тапшырган.

Пайгамбардын ﴾ﷺ﴿ өлүмүнөн кийин, Абубакрдын   халифтигинин убагында, Абан Византияга каршы согуштарга катышып, ошол уруштардын биринде курман болгон.

Колдонулган булактар түзөтүү

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8