Аба менен жылытуу - ысытылган аба жиберип, имаратты жылытуу системасы. Ал кайра айлануучу (жылыткычка берилген аба жылытылып жаткан бөлмөнүн ичинен алынат) жана желдеткич менен биргелешкен (жылыткычка берилген абанын жарымы жылытылып жаткан имараттан, ал эми калганы сырттан алынат) жылыткыч болуп айырмаланат. Мындай системада абаны алмаштыруу табигый (температуралар айырмасынан жана аба тыгыздыгынан) же мажбурлоо менен (желдеткичтин жардамы менен) болушу мүмкүн. Ал борбордук (бир агрегат бир нече бөлмөнү тейлейт) жана жергиликтүү (жылытылуучу бөлмөгө коюлган) жылытып-желдеткич агрегаттар менен ишке ашырылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1