Аббатчылык - (дат. Abbas «або» ата) епископко, кээде түздөн-түз рим папасына баш ийген, аббат же аббатиса (аялдар монастырында) башкарган католиктер монастыры. Европада орто кылымдарда ири жер ээлери катары эсептелген өтө бай монастырлар коомдун саясий-экономикалык турмушунда өтө маанилүү болгон. Реформациянын, бөтөнчө буржуазиялык революциялардын убагында Европа мамлекеттеринин коомдук турмушунда мурдагы маанисин жоготуп, көпчүлүк аббатчылыктар жоюлган, бирок айрым аббатчылык азыркы күндө да жашоосун улантууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1