Абдиев Калбай
Абдиев Калбай (23. 2. 1955-ж. туулган, Калинин району, Суусамыр кыштагы) - жетекчи кызматкер.
- Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин бүтүргөн (1979).
- Эмгек жолун 1972-73-жылдары Сокулук районунун «Дружба» колхозунда жумушчулуктан баштаган.
- 1979-ж. Панфилов районунун 1-Май орто мектебинде немис тили мугалими, 1980-89-жылдары ушул эле мектепте директордун орун басары, 1989-жылдын августунан 1991-жылдын августуна чейин Суусамыр орто мектебинде директор болуп иштеген.
- Кийнчерээк Жумгал районунун «Кызыл-Ой» совхозунда партиялык комитеттин катчысы.
- 1992-94-жылдары Суусамыр райондук коммуналдык турак-жай чарбасынын башчысы, акимчиликте референт.
- 1994-98-жылдары жеке ишкердик менен алектенген.
- 1999-жылдын апрелинен Суусамыр дыйкан чарба башчысынын коммерция иштери боюнча төраганын орун басары, 2001-жылдан ошол эле чарбанын администраторунун жардамчысы, 2005-06-жылдары Чүй облусунун Жайыл райондук граждандык коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген.
- Учурда «Абды» дыйкан чарбасынын башчысы болуп эмгектенип келет.
- Кыргыз Республикасынын Агартуу жана билим берүү, СССР агартуу жана билим берүү министрлигинин, Профсоюз кызматкерлеринин Борбордук комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.
- Ал 3 жолу Суусамыр айыл кеңешине, бир жолу Суусамыр райондук кеңешине депутат болуп шайланган.
- Басыл уруусунан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9