Абдиев Ташкенбай Насирович

Абдиев Ташкенбай Насирович (18. 5. 1950-ж. туулган, Сары-Камыш кыштагы) - элге билим берүүнүн отличниги (2004) жана спорт чебери.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн (1973).

Эмгек жолун 1973-ж. Суусамыр орто мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштөөдөн баштаган. Панфилов районундагы Күрпүлдөк орто мектебинде мугалим (1974-78), Суусамыр жатак-мектебинде башчы (1979-92), окуу бөлүмүнүн башчысы (1993-97), 1998-жылдан мугалим болуп эмгектенет.

Айылдык аксакалдар сотунда катчы жана айылдык кеңештин депутаты болуп шайланган. Ошондой эле комуз чертип, дастан айтат. Көптөгөн Ардак грамоталарды алган.

1970-ж. 20-27-февралда Москва шаарында биатлон боюнча өткөрүлгөн бүткүл союздук мелдешке катышып, 4-орунду, Кыргызстанда 1-орунду, 1971-ж. Кыргыз Республикасынын лыжа спорту боюнча мелдеште 1-орунду, кышкы оюндун ачылышында 2орунду алат. 1972-73-жылдары биатлон боюнча республиканын биринчилигинде 2-орунга татыктуу болгон. Беркемик уруусунан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9