Жамалов Абдижалил Кыргызбаевич - (1-ноябрь, 1951 — 6-май, 2022) — генерал-майор (2001). 1973-ж. Пржевальск мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн. 1973–76-ж. Пржевальск педагогика окуу жайында окутуучу, № 12 айылдык кесиптик-техникалык окуу жайында комсомол комитетинин секретары, 1976–92-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгында райондук бөлүмдүн оперуполномочени, 1979–90-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн улук оперуполномочени, 1990–92-ж. Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгын начальниги, 1992–95-ж. КРдин Улуттук коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальниги, 1995–99-ж. Улуттук коопсуздук комитетинде, 1997-жылдан Улуттук коопсуздук министрлигинде төраганын орун басары, начальник, 1999–2002-ж. Улуттук коопсуздук министрлигинде, 2001-жылдан Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 2002–03-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын башкы башкармалыгынын начальниги, 2003–05-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматында башкармлыктын начальниги, 2005–06-ж. КРдин Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын 1-орун басары болуп иштеген.

Абдижалил Жамалов
Туулган датасы:

1 -ноябрь 1951(1951-11-01)

Туулган жери:

Төрт-Күл, Өзгөн району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР Кыргызстан

Өлгөн датасы:

6 -май 2022(2022-05-06) (70 жаш)

Өлгөн жери:

Ош, Кыргызстан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1