Абдраев Кутубай (1932, Нарын облусу , Кочкор району, Көкжар кыштагы) — малчы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1978). Кыргыз ССРинин айыл чарбасына эмгек сиңирген устаты (1982). Нарын облусунун Кочкор районундагы Соң-Көл совхозунда баш чабан. Малдын кунардуулугун арттырууда чоң ийгиликтерге жетишип, 1972ж. ар жүз тубар койдон 175ден козу, 5 кгдан жүн алган. 1975-80-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин ордени, Октябрь Революциясы, Монгол Эл Респсынын «Алтын годос одон» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Музалевский М. В. Герои Социалистического Труда. Биобиблиографический словарь. — М.: РИЦ "Кавалер", 2008. — Т. 2. — 200 с.