Абдраимов Эмил Самудинович

Абдраимов Эмил Самудинович (1970-ж.туулган, Фрунзе шаары) механик, техника илимдеринин доктору (2002). Алматыдагы Жогорку аскер окуу жайын бүтүргөн (1991). 1992-жылдан КРнын УИАнын Машинатаануу институтунда эмгектенет. Илимий эмгектери негизинен өзгөрүлмө түзүлүштөгү механизмдерди структуралык талдоо жана түзмөлөөгө арналган. 50дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 патенттин ээси, 1 монографиянын автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1